7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экономикалык кылмыштуулукка шектелген жаран Кытайга өткөрүлүп берилди

460

Кыргызстан экономикалык кылмыштуулукка шектелген жаранды Кытайга өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү алдамчылык боюнча жазык жоопкерчиликке тартуу үчүн, Кытайдын жараны Ян Янхуэйди өткөрүп берүү жөнүндөгү суроо-талабы ишке ашкан.

“Эл аралык издөөнүн фигуранты Чүй облусунун аймагында КР ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жана ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан кармалган”,-деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин  23-апрелде издөөнүн фигуранты “Торугарт-автожол” чек ара посту аркылуу Кытайдын компетенттүү органдарына өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

461