7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Менин үйүм. 5 жыл ичинде 7 миң 500 үй-бүлө турак жай менен камсыздалат

239

Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу кеңешмеге катышты, анда Экономика министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен биргеликте иштелип чыккан «Менин үйүм 2021-2026» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын концепциясынын долбоору тартууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Программа долбоору аркылуу 2021-2026-жылдары 7 500 кем эмес үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 м кв кем эмес турак-жай сатып алууну жана курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 млрд сомдон кем эмес инвестиция тартуу, 1 млрд сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу каралууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын концепциясынын долбоорун жактыруу чечилди.

Жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

240