7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия 400гө жакын автобустун жүргүнчүсүнө айып салды

177

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт департаментинин инспектирлөө бөлүмү тарабынан “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы жана “Тулпар” ишканасы менен биргеликте, шаардагы коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн төлөм жүргүзүүсүн текшерүү рейддик иш-чаралары уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган рейд, күн сайын жумуш күндөрү эртең менен саат 09:00дөн тартып кечки 18:00гө чейин уланат.

2026-жылдын январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин орто эсеп менен автобуста жол акысын төлөбөгөн 400 жакын жүргүнчүгө 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынып, протокол түзүлгөн.

 

178