“Белес” автобусу тууралуу маселе мезгил-мезгили менен көтөрүлүп, айрыкча соцтармактарда талкууланып келет. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайыр Орунбеков билдирди.
“Эмнеге өзүбүздө чыккан автобусту албай, Кытайдын автобусун аласыңар?” — деп суроо беришет. Президентибиз кызматка жаңы киришкенде автобус чыгарып жатабыз деген ишкананы барып көргөн. Ошондо ангарда кол менен чогултулган болгону 1 даана эле автобус болгон. Ал эми шаарды тейлеш үчүн бир-эки эмес, туруктуу иштей турган толук линия жана жетиштүү сандагы автобустар керек. Экинчиси, бул автобустар тиешелүү сыноодон өтүп, сертификат алган эмес. Тетиктери сырттан алып келинип, бул жакта жөн гана кол менен чогултулган. Стандарттарга жооп берген завод жок. Ар ким эле үйүнөн 1 автобус чогултуп алып, “меникин алгыла”-дей берсе болобу? Мындай транспорт эл ташууга толук жооп бере албайт, анткени жүздөгөн адамдардын коопсуздугу биринчи орунда турушу керек. Үчүнчүдөн, “Белес” автобустары азыр алынып жаткан автобустарга караганда 1,5 эсе кымбат сунушталган.
Төртүнчү, “Белес” автобусунун мотору дизель менен жүрөт. Билесиздер, буга чейин шаарды булгаган дизелдик маршруттук таксилерди тазалап, газ жана электр энергиясы менен жүргөн автобустарга өткөнбүз»-, деп жазды Орунбеков.
Ал билдиргендей, талкуу болуп жаткан «Белес» автобусунун сүрөтү жөн гана фотошоп, президентибиз өндүрүш негизги приоритет экенин белгилеп келет. Жөн эле айтып койбой реалдуу ата мекендик өндүрүштү колдоп жатат. Азыр өлкөдө бир катар жеңил автоунаалар, жүк ташуучу унаалар чогултулуп жатат. Жакынкы убакта электромобилдерди чыгара баштайбыз. Ошентип акырындык менен электробустарга да өтөбүз.



