Бишкек шаарынын мэриясы Ак-Өргө конушундагы узундугу 830 метрди түзгөн Камбаркан, Бекет, Аймончок көчөлөрүнө шагыл төгүүнү улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жарыялаган сынагынын жыйынтыгында «Альянс Проект» курулуш компаниясы бөдрөтчү аныкталган. Ал эми ишти 2021-жылдын декабрынын аягында бүтүрүү пландалууда.