7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия Бишкектеги мектептерди текшерип, тапшырмаларды берди

11

19-сентябрда Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева билим берүү мекемелерине пландык кыдыруу жасады. Бул тууралуу мэриянын  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн алкагында ал №67, №1 мектептерге жана №162 бала бакчага барган.

№67 мектептеги мурда мамлекетке кайтарылган окуу класстарын оңдоо-түздөө иштерин тез арада бүтүрүү тапшырмасы берилди. Бул ишти Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аткарат.

№1 мектепте мыйзамсыз ижарага берилген бөлмөлөрдү бошотуу тапшырмасы коюлду. Бул маселени мыйзам чегинде тез арада чечүүгө Муниципалдык менчик башкармалыгы жана Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы милдеттендирилди. .

№162 бала бакчада билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүн жана каржылык тартипти текшерүү тапшырмасы берилди. Бул текшерүүнү Билим берүү департаменти менен Билим берүү башкармалыгы жүргүзөт.

Жыйынтыгында Бишкек шаардык мэриясы бардык берилген тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлгө ала тургандыгын билдирди. Райондук билим берүү борборуна жана акимчиликтерге дагы тиешелүү тапшырмалар жүктөлдү.

12