7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Насыяңыз көп, ишкердикке каражат жокпу? Фонд жаап берет

343

Ишкердикти өнүктүрүү фонду жарандардын насыяларын жаап берет. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, фонд Ишкерлер күнүнө карата акция жарыялады. Анда насыялардын пайызы 17%га чейин түшүрүлдү, бул коммерциялык банктардыкынан да кыйла төмөн.

Белгиленгендей, фонд кредиттерди кайра каржылоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Мында башка банктардан жогорку пайыздык чен менен алынган насыялар жабылып, ошону менен карыз жүгү бир кыйла азайтылат.

Насыялар жеке адамдарга да, ишкерлерге да жеткиликтүү. Бул акция ар бир адамдын карыз жүгүн азайтып, бизнести өнүктүрүүсүнө же үй-бүлөлүк муктаждыктарына каражаттарын бошотушу үчүн ишкерлерди жана жарандарды колдоого багытталган.

Жеңилдетилген насыялар адамдарга өз пландарын ишке ашыруусуна жана экономиканын өнүгүшүнө жардам берери айтылды.

Насыя алууну каалагандар 0559 95 67 99 номерине кайрылса болот.

344