7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия эки стратегиялык документти иштеп чыгууда

678

Борбор калаанын мэриясы шаарды өнүктүрүүгө байланыштуу эки стратегиялык документти иштеп чыгууда.

  • Алардын биринчиси 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан беш жылдык мөөнөткө шаарды өнүктүрүү программасы. Программада борбор шаарды жарандардын жашоосу жана иштөөсү үчүн жашыл жана жагымдуу чөйрөсү бар заманбап шаар, билим берүү жана маданият борбору, капиталды жана туристтерди тартуу борбору, өлкөнүн экономикасынын кыймылдаткычы катары өнүктүрүү көз карашын камтыйт.  Программа эксперттик коомчулуктун, БШКнын депутаттарынын жана эл аралык уюмдардын катышуусунда тегерек столдо талкууланды.
  • Экинчи маанилүү документ болуп Бюджеттик кодекстин 88-беренесине ылайык жана тиешелүү усулдук колдонмонун сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан 2023-2025-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы саналат. Программа шаардын 2023-жылга бюджетин иштеп чыгуунун негизи болуп калат, анда алдыдагы мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары камтылган. Программаны иштеп чыгууда жарандардын кайрылууларына талдоо жүргүзүүнүн негизинде калктын керектөөлөрү эске алынган. Программанын долбоору боюнча иш аяктагандан кийин коомдук талкуулар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, эки документте тең убакыт алкагы жана каржылык колдоо көрсөтүү менен иш-аракеттер планы бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

679