7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия: Коомдук транспорттун айдоочуларына көзөмөл күчөйт

8

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда жүргүнчүлөр агымы көп болгон аялдамаларда ар жуманын шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын жыйынтыктары талкууланды. Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кошумча инструктаждар өткөрүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө жол кырсыктарынын негизги себептери каралып, коомдук транспорттун айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатууга жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого карата көзөмөлдү мындан ары күчөтүүгө багытталган бир катар сунуштар айтылды.

9