7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия суу тартыштыгы маселесин чечүү жолдорун айтып берди

614

Бишкек шаардык мэриясы шаардагы суу тартыштыгына байланыштуу кырдаалды жана аны чечүү жолдорун айтып берди.

Мэриядан билдиришкендей, техникалык кеңештин жыйындары жана борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда бир нече ирет жыйындар өткөрүлүп, анда Арча-Бешик конушуна сууну өткөрүү боюнча тапшырмалар берилген.

“Бишкексууканал” башкармалыгы өзүнүн компетенциясынын чегинде кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды көрөт.

Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн өсүшү, ошондой эле болуп жаткан табигый-климаттык өзгөрүүлөр жер астындагы суулардын статикалык жана динамикалык деңгээлинин кескин төмөндөшүнө алып келет.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын абоненттеринен тышкары, аймагында 32 калктуу конуш жайгашкан Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун 9 айыл аймагы шаардык суу түтүктөрүнөн ичүүчү таза суу менен камсыз болду.

Отуз жылдан ашык убакыттан бери Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун жетекчилиги калк арасында социалдык жарылууну болтурбоо максатында өздөрүнүн карамагындагы аймактарды ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин Бишкек шаарынын эсебинен чечип келет.

Учурда Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча төмөнкү маселелер иштелип чыгууда:

— «Баш-Карасуу», «Сельский», «Контррезервуар» суу алгычтарын кеңейтүү үчүн скважиналарды бургулоо жана суу жана электр тармактары менен түтүктөрдү өткөрүү үчүн кошумча жер участокторун бөлүп берүү;

— Көк-Жар айыл аймагын, ошондой эле Ак-Кол жана Ачыкей конуштарын камтуу менен 3-4 скважинаны бургулоо үчүн жергиликтүү суу алгычты долбоорлоо жана куруу үчүн Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагынан Аламүдүн дарыясынын жайылмасынан жер тилкесин бөлүп берүү;

Мындан тышкары, жашыл аянттарды сугаруу, күндүзгү таза сууну сарамжалсыз пайдалануу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Май жана июнь айларына ичүүчү сууну мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча контролдук графиктер бекитилди.

Рейддер башталгандан бери 22 515 абонент текшерилди. Ошол эле учурда 187 мыйзам бузуу аныкталып, анын ичинен 171 кожолук турак жайлардын аймагында жайгашкан. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча актылар түзүлүп, айып пул өндүрүлөт.

Жер астындагы суулуу катмарды толуктоо максатында бүгүнкү күндө Аламүдүн суу чарба башкармалыгы 7 көлдү толтурууга Чоң-Алыш каналы аркылуу көлөмү секундасына 550-600 литр суу берүүдө.

Ошондой эле Түштүк-Батыш суу алуучу жайынан Адышев көчөсүнө чейин 1 чакырым узундуктагы суу түтүгү курулат, бул Арча-Бешик конушуна, Жал кичи районуна жана Садырбаев көчөсүнүн боюндагы аймакка болжол менен 300 куб метр суу жиберүүгө мүмкүндүк берет. Азыр тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчүнү аныктоо жүрүп жатат.

Скрябин, Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн, Аламүдүн дарыясы, Көк-Жар, Улан -2 кичирайондор менен чектешкен аймактарды ичүүчү суу менен камсыз кылууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү Көк-Жар суу алгычында 2-баскычтагы насостук станциясын куруу пландалууда.

Арча-Бешик конушундагы Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнө чейин Айылчиев көчөсүнө суу түтүгүнүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул Жайыл Баатыр көчөсүнөн төмөн жайгашкан Арча-Бешик конушундагы сууну көбөйтөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

615