7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия: Өзүм билемдик менен жол акыны көтөргөн айдоочулар жоопко тартылат

1373

 Бишкекте иш таштаган кичи автобус айдоочулары, бирин-серин каттамга чыга баштады. Айрымдары айнегине «Жол акы 15 -сом» ,-деп жазып алган. Аны тастыктаган сүрөт интернет желесинде таркады.

Бишкек шаардык мэриясы, шаар ичинде коомдук транспорттун баасынын тарифи өзгөрө электигин айтып, өзүм-билемдик менен жол акыны коюп алган маршрут айдоочулар жоопко тартылаарын эскертти.

«Урматтуу шаардыктар жол кире акысын өз билемдик менен 15 сомго кымбаттаткан маршрут айдоочулары КР мыйзамдарына ылайык жооп берет. Жогорудагыдай учурга күбө болсоңуздар, 0554 182 185 ватсап номери аркылуу видеофакт жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз»,-дейт мэриянын маалымат кызматы.

Эске салсак, Бишкекте коомдук траспорт, анын ичинде маршруткалардын жол кире акысы 2012-жылы 26-апрелинде Бишкек шаардык кеңешинин  «Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуа ылайык, мурдагыдай эле – 10 сомду түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1374