7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия жол чырактарды үнөмдөө жолу менен орнотууда

314

Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясынын алдындагы «Жол-транспорттук инфратүзүм» муниципалдык ишканасы тарыхында алгачкы ирет өзү шаарга жол чырак орнотту.

Пилоттук долбоордун алкагында жол чырак акыркы учурларда унаа кыймылы кескин көбөйгөн Элмирбек Иманалиев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишине (Ак-Ордо-3 конушу) коюлду.

Буга чейин жол чырактарды орнотуу тендер аркылуу жүргүзүлүп, аны жеке компаниялар 1 миллион сомдон ашык каражатка орнотчу.

Ал эми бул жол чыракты калаа башчысы Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен «ЖТИ» МИ ишканасы эки эсе арзан, тагыраагы 500 миң сом гана каражат сарптады.

Учурда жол чырак штаттык режимде иштеп жатат. Эми «ЖТИ» МИ шаардагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир нече кесилишине чыгымды үнөмдөө менен заман талабына ылайык жол чырактарды орнотуууну пландаштырууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

315