7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия жылуулук үчүн төлөмдөр эмнеге жогору болуп жатканын түшүндүрдү

337

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы декабрь айында жылытуу жана ысык суу үчүн эсептелген суммалар ноябрь айына караганда жогору экенин билдирет.

Ишкана жылуулук кыш мезгилиндеги беш айга абанын табына жараша бөлүнөрүн билдирди. Төлөмдү эсептөөдө Кыргызгидрометтин маалыматтары колдонулат. Мисалы, күн жылуу болсо азыраак, суук болсо көбүрөөк жылуулук берилет. Ушуга байланыштуу ноябрга салыштырмалуу декабрь үчүн төлөм көбүрөөк чыккан.

Мындан тышкары, мекеме 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып жылуулук үчүн тарифтер жогорулаганын эске салды. Маселен, батиринин аянты 80 чарчы метрден ашпагандар жылуулуктун бир гигакалориясы үчүн чарчы метрине 1 560 сомдон төлөйт. Эгер батир мындан чоң болсо чектен ашкан ар бир чарчы метр үчүн жылуулуктун гигакалориясы 5998,17 сомдон болот.

«Бишкек жылуулук тармагы» абоненттерди бардык суроолор боюнча ишкананын байланыш борборуна кайрылууну сунуштайт.
Абоненттерди колдоо борбору:

1980 (колл-борбор), (0312) 61-11-69, (0557) 61-11-66, o (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66.

 

 

 

338