7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Миң кырлуу, бир сырлуу кыргыз эли. Нарк куржундан

146

(Олжобай,Чоңчарыктан тараган, саяктардан)

Үсөн уруусунун ар кайсы курактагы үч атчаны, орто жазда жол уулап бастырып келатышып, бурулушта алакан ачты буулган мүшөктү таап алышат. Ачса толтура алтын, күмүш, зер буюм тайымдары экен. Кичүүсү шыр эле үчкө бөлүп алалы, — деди.

Көрүп турган жан жок, ошентели, — деди ортончусу. Экөөнү теше тиктеген улуусу: — Уялбай кантип эчким КӨРБӨЙТ дейсиңер?! Жыгылсаң да, чалынсаң да таяп, Ар бир өткөн күнүңдү санап, ҮСТҮҢДӨН кудай көрүп турбайбы?! Кереги тийген, кереге жыйган, башында түгү, жүзүндө сүрү бар, бел бууган бектердин бири болсо экен деп, СЫРТЫҢДАН эл көрүп турбайбы?!

Кеменгер элди уютуп нарк сактаган, келиндери кебелбей ок аттаган, ИЧИҢДЕН абийириң көрүп турбайбы, — дегенде, таш жарган сөзгө, талдай ийилип терикпей жүгүнүп, мүшөктү таштап, аттарына ыргып миништи. ОТТУН ысыгын, суунун тазалыгын, таштын катуулугун, шамалдын күчүн, ызгаардын үшүн алып жүрүүчү, миң кырлуу, бир сырлуу шайык элбиз! Улутту көтөрөлү.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

 

147