Кыянаттык кылуу — жигиттик эмес! Кечээтен бери социалдык тармактарда менин атым аталып, талкуу жаралып жатканда унчукпай отура албадым. Сөз чынынан бузулбайт! Бул тууралуу экс депутат Эмил Жамгырчиев соцтармактагы баракчасынан билдирди.
“Кезинде далай кыйынчылыктар өттү башымдан, алардын айрымдарына жамы журт күбө… Ошондуктан жардамга муктаждарга ар дайым кол сунуп келем, мени тааныгандар сөзүмдү калп дебестир. Убагында экс-Президент А.Атамбаев эркиндикке чыкканда саясий чыңалууга карабай абалын сурап үйүнө чейин баргам. Депутат кезимде Кемпир-Абад иши менен камалып жаткандарга СИЗОго чейин барып, ар бир айыпталуучудан кабар алып, Жогорку Кеңеште бул маселени көтөрүп келгем. Адам оор кырдаалга туш болгондо ордунан тургузуп сүйөп коюу бул жигиттик жана адамдык сапат! Эми сөз башынан болсун: Ооба, мен Тилекмат менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Үй-бүлөсү кыйналып жатканын айтып, жардам сураганда жок деген эмесмин. Акыркы жолу кызы ооруп жатканын айтып, дагы кайрылды. Буга чейин деле Жараткандын сүйүктүү пенделери болгон өзгөчө балдарга кол сунуп келгем жана кол суна берем, Тилекматтын кызы да өзгөчө балдардын катарында экенин укканда жок дей алган жокмун. Атам ооруп жаткандыктан чет жакка чыгарымды айтсам, Бириккен Араб Эмираттарына билет алып берүүмдү суранып, ошол жактан кызына каржы жагынан жардам бере ала турган адамдар менен тааныштырып коюумду өтүндү. Дубайдан жолукканыбыз чын, колумдан келген жардамымды берип, чогуу тамактандык. Көп өтпөй “Дубайда жүргөн видеоңду коомчулукка чыгарам, дагы акча бересиң” деп талап коюп баштады. Көрсө, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү жаздырып, жолукканыбыздан бери видеого түшүрүп жүргөн экен. Бул Болот экөөнүн алдын ала даярдаган сценарийинин бир бөлүгү экенин эми билип отурам. Тилекмат менен Болоттун “паспорт уурдап кетти, сурак берип чыктым” деген жалган маалымат таратып, упай топтойбуз деген спектали суу кечпейт. Себеби БАЭ менен Кыргызстандын ортосунда кылмышкерлерди экстрадициялоо тууралуу келишим жок. Менимче, бул билдирүүмдөн кийин эл өзү таразалап алат.Менин арам ой менен Тилекматты колдосом Кыргызстанга кайтмак эмесмин, учурда мекенимде жүрөм. УКМКга суракка чакырышты, бүгүн барам. Калыстык үчүн айтайын, Тилекматка «бийлик башындагылар сынды туура кабыл алып, куугунтуктабай тескерисинче, жаштардын энергиясын колдонушса болмок» деген сөздөрүмдү айткам.Уят Тилекмат! Саясатчы, ишкер, жөнөкөй жарандарды каматканың аз келгенсип, мени дагы ошондой куйту ишиңе аралаштырба! Буга чейин деле мени каралап жүргөн Болот Темиров менен биригип, биздин жолугушуудан саясий тема табалы деген планыңарды аңдабай, өзгөчө кызыңа жардам берем деген аракетим үчүн өкүнүп отурам. Тактоо үчүн дагы бир жолу айтайын, мен Тилекматты бийликке каршы үгүттөп жардам берген эмесмин. Жөн гана адам катары жардам кылсам акыры ушуну кылды. Мамлекет издөөгө берген жаранды АКШ аймагынан чыкса кармап кетери айдан ачык. Муну мага байлап, мени каралооңор суу кечпейт!”,-деп берилет билдирүүдө.