7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Трансплантация жана диализ борборунун курулушу башталды

241

Бүгүн Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушуна капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте мындай борбордун түзүлүшү турмуштук маанилүү медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, Кыргызстанда бөйрөк жана боор ооруларын диагностикалоо жана дарылоо деңгээлин жаңы деңгээлге чыгара турганын баса белгиледи. Борбордун ишке кириши өнөкөт бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртат, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасынын потенциалын чыңдоого олуттуу салым болот.

Жалпы наркы 446,6 млн сомду түзгөн борбор толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Ал акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен жабдылып, гемодиализ, органдарды трансплантациялоо жана адистештирилген реабилитацияны талап кылган бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптарга кызмат көрсөтөт.

Мекеменин түзүмүндө нефрология, гемодиализ, гепатология, трансплантология бөлүмдөрү, ошондой эле генетикалык жана биохимиялык изилдөө лабораториясы болот. Борбордо операциялык бөлмөлөр, интенсивдүү терапия бөлүмдөрү жана бейтаптарга трансплантациядан кийинки кам көрүү бөлүмү болот.

242