7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1 миллиард 6 миллион сомдук жеке мектеп-комплексинин имараты мамлекетке кайтарылды

173

Аянты 2801 чарчы метр, жанаша аянты 1,29 га болгон, Бишкек шаарынын престиждүү районунда жайгашкан бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Аталган социалдык мүлк мурда «А» ААКтын балансында болуп, «З» жеке менчик мектеп-комплексине ижарага берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1992-жылы «А» ААКсын менчиктештирүүдө башка объектилер менен бирге мамлекеттик ишкананын балансынан «мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасынын» шарттарын бузуу менен социалдык объект чыгарылгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 10-сентябрындагы № 421 «Кыргыз Республикасынын социалдык инфраструктурасынын объектилерин пайдалануу программасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптары сакталган эмес, ага ылайык мектепке чейинки балдар мекемелерин массалык түрдө жабууга жана сатууга жол бербөө максатында социалдык инфраструктуранын объекттери уставдык капиталдагы мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмүнө карабастан мамлекеттик жана менчиктештирилген ишканалар менен мекемелер тарабынан ажыратылууга тийиш эмес.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында «А» ААКнын акционерлери ыктыярдуу түрдө сметалык баасы 1 млрд 6 млн сомду түзгөн имаратты чектеш аймагы менен кошо мамлекетке акысыз өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, «З» билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен ижара келишиминин негизинде окутуучулар курамын сактап калуу менен өз ишин улантат.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.

174