Ташкенттин Нурафшон шаарында 6 кг 865 грамм салмактагы эркек бала төрөлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, наристенин абалы канааттандырарлык. Ал кесарево жолу менен жарыкка келген. Учурда эне-бала дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ымыркай үй-бүлөнүн экинчи баласы.
“Мындай чоң салмактагы наристенин жарык дүйнөгө келиши Ташкент облусунда алгачкы ирет катталды”,-деп берилет маалыматта.