Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгон жарандардын бирин издөө иши улантылууда. Бул тууралуу ӨКМден билдирди
Бүгүн Көкөмерен дарыясынан издөө иштерин координациялоого Жумгал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылды.
Белгилей кетсек, Өрнөк айылынын мал кайтарууга кеткен тургундары 19-октябрдан бери изделип жаткан. Учурда баланын сөөгү дале табыла элек. Ал эми 14-ноябрда атасынын сөөгү туугандары тарабынан табылган.