Ысык-Көлдө мигранттардын балдарынын жашоо шарты текшерилүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жайкы мезгилде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан “Укуктук тартип” профилактикалык иш-чарасы киргизилип, анын алкагында мигрант балдардын жашоо шарттары текшерилүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө облустун жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирдикте мигранттардын балдарынын жашоо шарттары менен жакындан таанышып, ошондой эле маалымат базасын толуктоо максатында, аймакта бул багытта мониторинг иштерин дагы жүргүзүүдө.
«Мурда такталган тизмелердин негизинде, иш-чаранын учурунда биздин жана социалдык кызматкерлер мигранттардын балдары жашаган үйлөр кылдаттык менен текшерилүүдө. Алардын жашоо шарттарын текшерип, жайкы каникул учурунда балдар кайсыл жерлерде болорун тактап жатабыз. Алыскы туугандарына жана тааныштарына калтырып кеткен балдар да жок эмес. Мындай үй-бүлөлөр менен мыйзамдын негизинде камкордук кылуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», — деп белгиледи Табалдие.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 5 айында облустун аймагында мигранттардын балдары жашаган 13 миӊден ашык үйлөр текшерилип чыккан.