7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мунай сатуу тартибин бузгандыгы үчүн май куючу 5 жайга айып салынды

609

Мунай затын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн май куючу беш жайга жалпы суммасы 175 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат контролдук текшерүү ишин жүргүзүп, анда бир катар май куюучу жайлар (Red Petroleum, Газпром Нефть Азия, Партнер Нефть, Роснефть, Тренд Ойл) сатылуучу товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) онлайн режиминде Салык кызматына бербегендиги аныкталган.

«Май куючу жайлар 2020-жылдын 1-июлунан баштап «СМАРТ салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында башкаруунун автоматташтырылган системасын жана сатылган күйүүчү май тууралуу маалыматты (аталышы, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, 1 литр үчүн баасы, жалпы баасы) контролдук-кассалык чекте басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга тийиш. Ошондой эле бул маалыматтарды Салык органына онлайн-режимде берүүлөрү зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, салык кызматы май куюучу жайларда жеке ишкерге мунай затты сатуу тартибин бузгандыгы үчүн 12,5 миң сом, юридикалык жакка 35 миң сом өлчөмүндө айып салынарын эскертти.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

610