10-июлдан Россиянын аймагына кирүү шарттары өзгөрөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жана ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөрдүн жарандары Россиянын аймагына кирүү үчүн «Путешествую без COVID-19» мобилдик тиркемеси аркылуу ПЧР тесттен өткөндүгүн далилдеш керек. Тесстен өткөн убакыт 72 сааттан көп болбошу керек.
Ал эми чет өлкөгө чыгууну каалаган Россиянын жарандыра чыгуудан 3 күн алдын ПЧР тест тапшырып, натыйжасы чыкканга чейин изоляцияда болушу шарт.
COVID-19га каршы эмделгендигин тастыктаган электрондук сертификат 12 айга чейин жарактуу. Ал эми ооруп айыккандыгын тастыктаса онлайн сертификаттын мөөнөтү 6 ай.