Ушул күздө Афганистандын Улуу жана Кичүү Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азык-түлүк жана биринчи керектелүүчү товарларды гана алып барбастан, Памирдеги кыргыздар медициналык кароодон өткөрүлөт. Экспедициянын программасында медициналык препараттарды да жеткирүү, айыл чарба ишмердүүлүгүн изилдөө, жашаган калктын санын аныктоо камтылган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова бүгүн жардам көрсөтүү боюнча кеңешме өткөрүп, анда Памирдеги кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы, гумжардам жеткирүү иштерин уюштуруу жана техникалык маселелери талкууланган.
Кыргызстан менен Афганистан Памир кыргыздарынын жашоосун жакшыртарын айтты.
Белгилей кетсек, кеңешменин жыйынтыгы менен ушул жылдын күз мезгилинде гуманитардык экспедиция уюштуруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилген.