7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистанда Айтматовдун чыгармалары урду тилинде басылып чыкты

689

Пакистандын Исламабад шаарында Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла», «Кош бол, Гүлсары» жана » Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт » чыгармаларын камтыган китептин бет ачары болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, китеп урду тилинде басылып чыккан. Демилгени КРнын Пакистандагы элчилиги көтөргөн.

Элчи Эрик Бейшембиев бул бет ачар эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата уюштурулганын белгилеп, мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүнүн негизги этаптары, Айтматовдун өмүр жолу, анын чыгармалары 176 тилге которулганы жөнүндө айтып берди.

Иш-чарага жазуучулар, илимпоздор, дипломатиялык корпустун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, иш-чарада Айтматов жөнүндө документалдык тасма, сүрөт көргөзмөсү, стенддер жана туристтик буклеттер жана кыргыз ырларынын аткарылышы уюштурулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690