7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Миграция чөйрөсүндөгү бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

604

Президент Садыр Жапаров “КРнын айрым мыйзам актыларына (“Тышкы миграциясы жөнүндө”, “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө” КРнын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 24-майында, мыйзам миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, ошондой эле Кыргызстандын Конституциясына ылайык келтирүү жана миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу максатында кабыл алынган.

Алсак, мыйзам «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдардын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргызстандын аймагында эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн визаларды жана уруксаттарды, убактылуу жана туруктуу жашоо уруксаттарын берүү, ошондой эле аларды КРнын аймагында жүргөн (жашаган) жери боюнча каттоо жана Кыргызстандын нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасынан келип түшкөн, жашы жете электердин Кыргызстандын чыгуусу үчүн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өтүнүчтөрдү эсепке алуу боюнча Бирдиктүү маалыматтык тутумду ишке киргизүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Ошондой эле, «Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр анын жоболорун КРнын Конституциясына жана Салык кодексине ылайык келтирүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында жашаган жарандыгы жок адамдар анын ким экендигин тастыктаган жана статусун ырастаган документ катары жарандыгы жок адамдын күбөлүгүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605