7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Милиционердин мойнуна бычак такаган». Камактан качып кеткен шектүү изделүүдө

762

Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмыштарга шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын тургуну 1994-жылы туулган Сабыров Кушубек Талантбекович изделүүдө.

Ал адам уурдоо, каракчылык, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу жана адам өлтүрүү беренеси менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-май күнү өткөн. Камакка алынган Сабыров нөөмөт маалындагы милиционердин өмүрүнө коркунуч келтирүү менен бычакты мойнуна такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун матрацтын айрындысы менен байлап жана оозуна чүпүрөк салып, анын жанындагы убактылуу кармоочу жайдын кире бериш ачкычын алып, убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен.

Окуя болгон жерди кароо учурунда, бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, темир кишен (наручник), андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сыртындаагы батыш тарабынан уюлдук телефону табылып алынган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

763