7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция: Аксыда19 адам ууланып, алтоо каза болду

515

Аксыда19 адам ууланып, алтоо каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-март күнү таңкы 07:15тер чамасында Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери кайрылып, Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын 3 тургуну оор абалда, болжолдуу диагнозу “Уулануу” (Отравления) менен кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын билдирген.

Жогоруда аталган факты боюнча Аксы РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу окуя болгон аймакка барышып тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

Алдын ала алынган ыкчам маалымат боюнча 2020-жылдын 2-март күнү саат болжол менен 14:00дөр чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-ж.т Э.Б. буюрутма берип өзүнүн жакын туугандарына 23-февраль жана 8-мартка карата майрамдык кылып берүү үчүн Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынан турган 15 чакты адамдарды чакырган. Чакырылган жерге 19 (он тогуз) адам барган. Ал жерде туугандар өз ара майрамдык менен отурушкан. Отурган жеринде тамак тартылган жана спирт ичимдиктери ичилген. Отуруштан болжол менен саат 16:30дарда тарап кетишкен. Эртеси, тактап айтканда 3-март күнү кечинде болжол менен 23:00дөр чамасында отурушка барган атуулдардан алты адам Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан алып барылган жана ал жерден алдын ала биринчи жардам көрсөтүлүп, абалдары оор болгондуктан жолдомо менен Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн.

Алардын үчөө жолдо, үчөө ооруканага келген соң каза болушкан. Алар:
1. 1967-ж.т Ч.О. (эркек киши)
2. 1968-ж.т. Ж.К. (эркек киши)
3. 1968-ж.т Ч.М. (эркек киши)
4. 1952-ж.т. Р.А. (аял)
5. 1970-ж.т. М.Г. (аял)
6. 1959-ж.т. Ш.Т. (аял)

Бул факты 2021-жылдын 4-мартында Аксы РИИБдин КЖБРне КРнын Жзаык кодексинин 280-беренеси (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда.

516