7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция: Банктан жасалма паспорт менен акча алгандар кармалды

645

Бишкектин четинен белгисиз адамдар жасалма паспорт менен банктын депозиттик эсебинен 4 миллион сом алып кеткен. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча кылмышка шектүү делгендер окуядан эки жыл убакыт өткөндөн кийин гана кармалган.

2020-жылдын Ысык-Ата райондук милициясына банк кызматкери кайрылган. Ал жасалма паспорт колдонуу менен депозиттик эсептен ири суммадагы акчаны чыгарып кеткен кишиге чара көрүүнү өтүнгөн.

Кылмышкер эсептен алгач 350 миң сом, кийинки күнү 3 миллион 845 миң сом алган.

Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүүлөр: Бишкектин 1996-жылы туулган тургундары А.А., О.З., 1997-жылы тургуну Э.А. ушул жылдын 18-июнунда кармалышты.

Учурда шектүүлөр суракка алынып, башка да иштерге тиешеси бар же жогу иликтенип жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646