7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын президенти иш сапары менен келет. Милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

433

Ушул жылдын январь айынын аягында Кыргызстандын Бишкек шаарында мамлекеттер аралык масштабдагы иш-чара өткөрүлөт. Эл аралык маанидеги расмий иш-чараны өткөрүү күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Маалыматка ылайык, 26-27-январь күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен келет.

Бул маанилүү иш-чараны өткөрүүгө байланыштуу, ички иштер министрлиги жогорку деңгээлде коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Азыркы учурда ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттары эсептелип, милициянын кезметтеринин кайгулдоосунун посттору менен каттамдары аныкталды. Ички иштер органдары укук бузууларды эскертүүгө, кылмыштарга бөгөт коюуга жана аныктоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

«Расмий иш-чараны өткөрүү маалында коопсуздук жана коомдук тартип, жол кыймылынын коопсуздугу толук кандуу камсыздалат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлө турган жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Айрым унаа жолдоруна транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Буга байланыштуу, жарандарды көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

434