Кечээ, 24-январда Рим шаарында Кыргыз футбол бирикмеси менен Италиянын футбол федерациясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда бирикменин өкүлдөрү аталган шаарда иш сапар менен жүрүшөт, алар Италиянын футбол федерациясынын эл аралык кеңсесинин жетекчиси Данило Филаккионе менен жолугушат. Анын жүрүшүндө Италиянын футбол федерациясынын иши жана уюштуруу түзүмү менен таанышуу, кызматташуу маселелери талкууланат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын делегациясы FIGC Centro Tecnico Federale di Coverciano машыгуу базасында болуп, Италия менен Испаниянын U-17 жаштар курама командаларынын жолдоштук беттешине күбө болушат.