7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султанбаев жеткиликтүү ипотека жана өлкөнүн тышкы карызын соцдолбоорлорго алмаштыруу жөнүндө маалымат берди

295

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жеткиликтүү ипотекалык турак-жай жана өлкөнүн тышкы карызын социалдык долбоорлор жана жашыл демилгелер менен алмаштыруу жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

Анын айтымына караганда, 2022-жылдын майында Кыргызстандын министрлер кабинети менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасына суверендүү карызынын шарттарын өзгөртүү жөнүндө «Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы» Макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14,9 млн евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен «МИК» ачык акционердик коомуна (ААК) берилет.

«Бүгүнкү күндө 4,966 млн евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар «Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы» Макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольцко бул программаны ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле, бардык аймактарда «ГИК» ААКсы аркылуу жарандарга бериле турган жеткиликтүү турак жайларды (батирлерди) курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү пландаштырылууда. Мисалы, Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери болуп саналат, анда 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда. Мындан тышкары, бул максаттарга — бардык аймактарда жеткиликтүү турак жайларды куруу үчүн донорлор менен финансылык ресурстарды тартуу иштери улантылууда. Маалымат үчүн айта кетсек, эгерде мурда орто эсеп менен жыл сайын 1,3 млрд сомго 1080 ипотекалык батир берилсе, «Менин үйүм 2021-2026» программасын ишке ашыруу алкагында бир жарым жылдын ичинде эле 2536 батир 6,2 млрд сомдон ашык суммага берилген (2021-жылы 1,6 млрд сомго 732 батир, 2022-жылы 4,6 млрд сомго 1 800 батир). Ошону менен мурдагы жылдарга салыштырганда каржылоону үч эседен ашык көбөйтүүнү камсыз кылууга мүмкүн болду. Ошондой эле Мамлекет башчысынын өнөктөш өлкөлөргө жана каржы институттарына өлкөнүн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашыруу үчүн алмашуу боюнча кайрылуусуна алгачкы жооптор келип жатканын белгилей кетүү маанилүү. Айрым өлкөлөр кыргыз тараптын демилгесине кызыгып, жашыл экономика тармагындагы конкреттүү долбоорлор менен КР Министрлер Кабинетинин программасын сунуштоо өтүнүчүн билдиришүүдө», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

296