Тажикстан менен чек арадагы жаңжалдан улам талкаланган эки мектеп оңдолуп, окуу башталды.
Кеп Лейлек районунун Максат жана Арка айылдарындагы мектептер тууралуу болуп жатат. Биринчисин оңдоого 3,3 млн сом, экинчисине 1,6 млн сом сарпталган.
Эске салсак, Максат мектеби экинчи жолу калыбына келтирилип жатат. Ал 2021-жылдын жазында дагы аткыланып, кийин оңдолгон. Бирок 2022-жылдын сентябрь айында кайрадан талкаланган.