Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен акча каражатын коркутуу менен талап кылган интернет-блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, Чүй ОИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын интернет-блогер А.Жумагулова талап кылгандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.