Токмокто 17 жаштагы өспүрүм компьютердик клубда ойноп жатканда көз жумду. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-сентябрь күнү саат 23:30 убакытта Токмок шаарында жайгашкан компьютердик клубда 2006-жылкы Т.Б. аттуу жаран өзүнүн достору менен ойноп жатып, өзүн жаман сезип эс учун жоготкон.
Аны жанындагы достору Чүй районунун ооруканасына жеткизип, бирок жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.
Аталган окуя Чүй РИИБте каталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Эмне себептен каза болгондугун тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда текшерүү иши жүрүп жатат.