Ырчы, актриса Айгерим Расул кызы “Дүйнө айымы” конкурсуна катышаары уюштуруучулардын башкы сайтында белгилүү болду. Бирок, ырчы айым бул маалымат боюнча комментарий бере элек.
Эске салсак, конкурс Орусиянын Сочи шаарында өтөт. Кароо сынакка дүйнөнүн 12 мамлекетинен 40 айым катышып, өз мекенинин намысын коргойт.