7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция кызматкерин уктап жаткан жеринен бычактаган шектүү кармалды

1596

Сокулукта милиция кызматкерине бычак саюуга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 27-декабрда Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун Романовка айылындагы үйлөрдүн биринде бергисиз бирөө үй ээсинин денесине бычак менен жаракат келтиргени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Сокулук РИИБи бул ишти териштирип, Романовка айылындагы үйлөрдүн бирине кирген жаран белгисиз себептерден улам, уктап жаткан үй ээсинин ич тарабына бычак сайып, жабырлануучу бейтааныш жаран менен кармаша кеткен учурда үй-бүлө мүчөлөрү ойгонуп, алар үйгө кирген кишини кармап калышкан.

Териштирүү учурунда жабырланган үй ээси КР ИИМдин Ленин райондук күзөт кызматынын кызматкери, милициянын ага сержанты Н.Т. экендиги такталып, ал Сокулук райондук аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Кармалган шектүү жаран 1971-жылы туулган С.П. экендиги такталып, ал эмне себептен үйгө киргендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1597