Бишкектин Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында кайра шайлоо өткөрүүгө 18 486, 7 миң сом сарпталат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, эки округда кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралында өтөт. Биринчи Май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоону өткөрүүгө 18 миң 486 сом сарпталат. Анын ичинен 6 миң 215 сом Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдары, калганы округдарга бөлүнөт.
Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү округдан 54, бир мандаттуу округдан 36 талапкер депутаттыкка шайланып келмек. Бирок, Биринчи Май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында шайлоочулардын көпчүлүгү «баарына каршы» добуш берген.