7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алтынбек Жумаев президенттин маалыматтык саясат кызматын жетектейт

1702

Алтынбек Жумаев Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Жумаев Алтынбек Мусаевич —1970-жылы 1-январда Өзгөн районунун Куршаб айылында жарык дүйнөгө келген.

ЭМГЕК ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 2010-ж. «Канал D» телерадиокомпаниясы — ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору;
  • 2017 – 2018-ж. ««NUR» телекомпания» ЖЧКсынын негиздөөчүсү;
  • 2009 – 2010-ж. Чүй облустук «Сары-Өзөн» — телерадиокомпаниясынын башкы директору;
  • 2008– 2009-ж.  «КТРК» улуттук телерадиокомпаниясынын башкы директорунун кеңешчиси;
  • 2006– 2008 -ж. КТРКнын «Замана», «КТР» студияларынын башкаруучу-продюсери;
  • 2005– 2006-ж. КР Өкмөтүнүн аппаратында эксперт;
  • 1998– 2005-ж. КТРК — Алып баруучу

БИЛИМИ

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети (1991-ж.)
  • Кыргыз-Россия билим берүү академиясы (2004-ж.)
  • Ош мамлекеттик университети (2017-ж.)
  • К. Дикамбаев атындагы дипломатиялык академия (2021-ж.)

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

— Эл аралык жана мамлекеттик долбоорлордун автору жана башкаруучусу;

— Бир нече теле долбоорлордун автору;

— Ардак баракча, диплом жана наамдардын лауреаты;

— Эл  аралык медиа-эксперт.

СЫЙЛЫКТАРЫ

  1. КР Өкмөтүнүн атайын энчилүү сааты;
  2. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Маданияттын мыктысы» төш белгисинин ээси;
  3. КР Журналисттер кеңешинин ардак баракчасы;
  4. «Билим берүүнүн мыктысы» сыйлыгы;
  5. «ӨКМдин мыктысы» сыйлыгы;
  6. КР ИИМдин 90-жылдыгынын төш белгиси;
  7. Куршаб айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу;

КОШУМЧА БИЛИМИ

MS Office (Word),

✓Internet – тажрыйбалуу колдонуучу.

БИЛГЕН ТИЛДЕРИ

✓Кыргыз, орус тилдери

КОШУМЧА — Активдүү, энергиялуу, эмгекчил, чоң администратвдик команданы башкаруу тажрыйбасына ээ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1703