7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милициялар кыздарды жарандардын унаасына баңгизатты атайлап салууга мажбурлашкан

454

Ош ОИИБнин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери баңгизаттарын жарандарга атайылап таштап, андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартуусу үчүн акча каражатын опузалап талап кылуу менен кылмыштуу схемаларды уюштургандары аныкталды.

Тактап айтканда, Ош ОИИБнын айрым кызматкерлери жарандарды коркутуу жолу менен кыздарды мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына баңги затын атайлап салууга мажбурлашкан. Андан кийин ал адамдарды мыйзамсыз түрдө  кармап, акча каражатын талап кылуу максатында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына каттабастан, ар кандай милиция бөлүмдөрүндө убактылуу кармап турушкан.

УКМК Ош ОИИБдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 1-августта Өзгөн районунун аймагында Ош ОИИБдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, тактап айтканда милициянын улук ыкчам кызматкери, майор М.Э.А. жана милициянын ыкчам кызматкери, лейтенант Т.И.С. кармалды.

Кармалган кызматкерлерди тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган 2 таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда кармалгандар КР Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

455