7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция кызматкерлери мас абалындагы айдоочуларды жаап-жашырган фактылар аныкталды

619

Милиция кызматкерлери мас абалындагы айдоочуларды жаап-жашырган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Т.М. аттуу айдоочу «Ауди-100» маркасындагы автоунаада мас абалында жол кырсыгына кабылган. Бирок, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ЖКККБнүн кызматкерлери жол кырсыгынан 4 ай өткөндөн кийин жол эрежесин бузуу фактысы боюнча расмий түрдө протокол түзүшкөн. Ал эми мас абалында жасалган мыйзам бузуу материалы жашырылып, «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилбеген.

Тагыраагы, укук бузууларды системалуу түрдө жашыруу жана мас абалында транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларды жоопкерчиликке тартпоо, салынган айыптарды мамлекеттин казынасына кайтарып алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөө жана башка көп кемчиликтер орун алган.

 

Ушундай эле жашыруу фактысы «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу Н.К. карата жасалышы аныкталган.

Жогорудагы фактылар боюнча прокуратура тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо органдарынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголуп, алардын иликтөөсү Чүй областынын прокуратура органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө тапшырылган.

Ошол эле учурда, Ысык-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун медициналык кызматкерлери тарабынан медициналык кароолордун каттоо журналында баштапкы жазууну өзгөртүү жолу менен адамдын алкоголдук мас абалындагы медициналык кароонун жыйынтыгын алмаштыруу жана жашыруу фактысы аныкталган.

Жогорудагы көрсөтүлгөн жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча Башкы прокуратура тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам бузууларды, аларды жасоого түрткү болгон себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча прокурордук чара көрүү актылары киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

620