Акыркы жумада республикада 18702 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3399;
- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 160;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 6927;
- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органды
- кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 15;
- Автоээнбаштык – 5;
- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 949;
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 121
- жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6404
- айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 46;
- мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 92;
- унаа токтотуучу жайга коюлду – 688.