7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдарды 1-класска электрондук каттоо башталды

659

Бүгүн, 11-апрелден тартып балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт.

Биринчи этап, 11-апрелден 27-июнга чейин. (катталган жери боюнча) Экинчи этап, 27-июндан 10-сентябрга чейин. (учурда жашап жаткан жери боюнча)

Кантип арыз берүү керек? Арыз берүү үчүн төмөндөгү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз:

1. Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?

  • Атасы;
  • Апасы;
  • Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

2. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:

  • Жарандыгы;
  • Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
  • Уюлдук телефон номери;
  • (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
  • Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
  • Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

3. Бала тууралуу маалыматтар:

  • Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган датасы, жынысы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери.

4. Мектепти тандоо:

  • Биринчи этап боюнча:
  • Каалаган окутуу тили;

Ата-энесинин катталган дареги боюнча системада тийиштүү мектеп автоматтык түрдө көрүнөт.

  • Экинчи этап боюнча:
  • Каалаган окутуу тили;
  • Областы/шаары;
  • Арыз ээси бош орундар болгон учурда каалаган мектепти тандай алат.

5. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды көрүп чыгуу:

  • Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат;
  • Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660