Орусиянын Саратов облусунун тургуну көптөн берки таарынычтан улам ата-энесин өлтүргөн деген шек менен кармалган. Бул тууралуу Орусиянын тергөө комитетинин облустук башкармалыгы РИА Новостиге билдирген.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 7-мартка караган түнү шаардын Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 34 жаштагы жаран 56 жаштагы атасы менен 57 жаштагы апасынын батиринде болгон. Таарынычтан улам атасы, апасы уктап жатканда башына бир нече жолу балта менен уруп, андан соң муунтуп өлтүргөн. Кылмыштын изин жашыруу үчүн шектүү ата-энесинин сөөгүн балконуна бекитип койгон.
Маалыматка ылайык, апрель айында жабырлануучулар көп убакыттан бери жок болгондугуна байланыштуу жакын туугандары укук коргоо органдарына алардын дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз менен кайрылышкан.
«Кечээ, 10-апрелде маркумдардын сөөгү табылган. Орусиянын Ички иштер министрлигинин Саратов облусу боюнча башкы башкармалыгы кылмышкерди аныктап, ага карата тергөө амалдары жүрүп жатат. Соттолуучу өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деп берилет маалыматта.
Бул факты боюнча “Эки адамды өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.