Аймактык милиция кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин ШМБ-3 (ГОМ-3) аймактык тескөөчүлөрү милициянын ага лейтенанты А.У.Э., милициянын лейтенанты А. уулу И. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.
Тергөөдө аталган милиция кызматкерлери узак убакыттан бери туруктуу негизде О.Г. аттуу жаранды кылмыш жообуна тартабыз деп коркутуп, анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу аракети менен опузалап, андан акча алып жүрүшкөндүгү аныкталган.
Аталган милиция кызматкерлери Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.