7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта каржы пирамидасын түзүүгө шектелген аял кармалды

644

Сокулук районунда каржы пирамидасын түзүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын апрель айынын башында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө бир нече жаран Сонбүбү аттуу аялга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал WhatsApp аркылуу «Алмаз-Авто», «Алмаз», «Азык түлүк» аттуу топторду түзүп, белгилүү бир суммадагы акча алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтышкан.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинде (Финансы пирамидаларын уюштуруу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делинип, 1971-жылы туулган А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, бул аял WhatsApp аркылуу топторду түзүү адамдарды тартуу менен алардан акча алып жүргөн. Ошол эле учурда ал бул топторго катталып, акча төлөгөн жарандар артынан дагы адам алып келсе ошого жараша 1200 АКШ долларына чейин акча алышаарын билдирген.

Бул иш боюнча бүгүнкү күндө ички иштер органдарына 13 жаран кайрылган. Буга байланыштуу Сокулук районунун ички иштер бөлүмү бул жарандан жапа чеккен жарандарга кайрылып, ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга чакырат: 0312 60 75 67, 03134 5 33 80, 0509 0980 08, 0704 04 40 15, 102.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

645