Бишкекте милиция кызматкерлери өрт чыккан имаратта калып калган жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 31-декабрда болжол менен саат 20:30 чамасында Жукеев менен Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине Октябрь ИИБнин ыкчам-иликтөө тобу барып, өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин өрттө калып калган А.Н. аттуу эркек кишини куткарып калышкан. Ал эс учун жоготкон абалда болгон.
Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда өрт чыккан имаратта милиция кызматкерлери иш алып барышууда. Өрттүн келип чыгуу себептери такталат.