7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция кызматкерлерин фото, видеого тартууга тыюу салган мыйзам биринчи окууда колдоо тапты

386

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде милиция кызматкерлерин фото, видеого тартууга тыюу салган мыйзам биринчи окууда колдоо тапты. Демилгечи депутат Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасап, сунушталып жаткан мыйзам долбоору тууралуу буларга токтолду:

“Бейбаштыктын кесепетинен муктаж болгон жарандарга өз убагында тиешелүү жардам көрсөтүлбөй, кызматкерлердин өз милдеттерин аткарууга жолтоо болуп, оор жана өзгөчө оор зыянга алып келүүдө.Ошондой эле акыркы жылдардагы мамлекет тарабынан уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясатты колдоо менен аларды ишке ашырып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коопсуздугунун кепилдигин камсыздоого укуктук базага толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы келип чыккан. Ошонун негизинде, Кылмыш-жаза кодексинде өзүнүн кызматтык, кесиптик милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлерге карата жасалган бейбаштык үчүн жаза чарасын күчөтүүнү сунуштап жатабыз. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү жагдай, мыйзам долбоору жазалоо максатын гана көздөбөйт. Коомдогу мындай категориядагы кылмыштуу аракеттердин алдын алууда, болтурбоодо мыйзамдын профиактикалык дагы таасири чоң болот”.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине төмөнкүдөй толуктоо киргизүү сунушталууда:

Коомдук тартипти сактоо же коомдук тартипти бузууга бөгөт коюу боюнча кызматтык милдеттерди аткарып жаткан бийлик өкүлүнө же башка адамдарга каршылык көрсөтүү менен, ошондой эле өзүнүн кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга карата (тез жардамдын кызматкерлерине, дарыгерлерге, мугалимдерге, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө ж.б.) жасалган бейбаштык үчүн 500 дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин (50 миң сомдон 200 миң сомго чейин) айып салууга же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат
Мурда бул кылмыш, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылкы редакциясынын 234-беренесинде каралып, анда бийлик өкүлдөрүнө же коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен жасалган бейбаштык үчүн 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу белгилен.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2019-жылы мыйзамдарды гумандаштырууда, бул кылмыш боюнча жоопкерчилик 500 дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга азайтылган. Бирок бул гумандаштыруу өз натыйжасын бербегендигин, укук коргоо органдарында катталган бейбаштык фактылардын азайуусу болгон эместигин айтууда. Ошол себептен Мыйзам долбоору менен бул кылмыш үчүн беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат деп сунушталган.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору менен колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 128-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда.

Анда, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерин өтөп жүргөн укук коргоо органынын кызматкеринин (аскер кызматчысынын), ошондой эле башка адамдын мыйзамдуу талабына баш ийбөө, ошого тете кызматтык милдеттерин аткарып жаткан кызматкерлердин ишине мыйзамсыз кийлигишүү, фото жана видеого тартуу менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишин каралоо максатында материалдарды кийин Интернет сайтка тараткандыгы үчүн:

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч (5 миң сом) өлчөмүндө айып пул салуу же бештен жети суткага чейин камакка алуу жоопкерчиликтин түрлөрү сунушталууда.
Мындай укук бузуулар боюнча протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлүп, сотко жиберилет. Ал эми жаза чараларын колдонуу сот тарабынан жүргүзүлөт жана адилеттүүлүк, калыстык камсыз кылынат.
Мыйзам долбоорунда сунушталган ченемдер жөнөкөй жарандардын маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны жайылтуу боюнча конституциялык укуктарын чектебейт.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кетирген каталарын, укук бузууларын тарткан жарандар, блогерлер, активистер жана башкалар эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт.
Мыйзам долбоорунда кызматын аткарып жаткан кызматкердин ишине мыйзамсыз кийлигишип, жолтоо болуп, атайлап каралоо максатында видего тартып, аны монтаждап, интернет тармактарына атайын каралоо максатында таратса, анда жоопкерчилик каралган.
Укук бузуулар боюнча жоопкерчиликти сот гана аныктайт.

Даярдаган: Мимоза Жанибек кызы

387