7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев Азия футбол конфедерациясынын президентин кабыл алды

369

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолукту.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстанда футболду өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Ташиев өлкө жарандардын ден соолугун чыңдоодо футбол чоң мааниге ээ экениндигин баса белгиледи. Ал ошондой эле АФК менен КФБнын ортосунда мындан ары да ийгиликтүү кызматташуу уланаарына ишенинээрин билдирди.

Быйыл КФБ өлкөдө футболду өнүктүрүү үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган 18 жаңы долбоор ишке кирди. Анын ичинде ар кайсы аймактарда иштеп жаткан стадиондорду реконструкциялоо жана жаңы спорттук имараттарды куруу кирет. Ошондой эле жыл аягына чейин 12 объект ишке берилээри күтүлүүдө.

«Жогоруда айтылган бардык жетишкендиктер КФБ өлкөдө футболду өнүктүрүү боюнча жигердүү иштеп жатканын жана жакынкы келечекке амбициялуу максаттарды коюп жатканыбызды айгинелейт», — деди Ташиев.

Өз кезегинде АФКнын президенти Кыргызстандын улуттук курама командасынын акыркы жетишкендиктерин белгиледи.

«Кыргызстандын курама командасы 2027-жылкы Азия Кубогуна мөөнөтүнөн мурда жолдомо утуп алганы тарыхый жетишкендик болду. Кошумчалай кетсек, улуттук курама биринчи жолу 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын 3-квалификациялык баскычка чыгып, күчтүү атаандаштар менен күрөшүп жатат», — деди ал.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун башка маселелери да талкууланды. Соңунда тараптар эстелик белектери менен алмашышты.

 

 

370