Кечээ, 19-декабрда Бишкек шаарындагы конуштардын биринде айдоочусу жатып алып, унааны жүргүнчү башкарып бараткан видео социалдык тармактарда тараган.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жарандардын көпчүлүгү айдоочуга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Видеодон айдоочунун жатып алып эки колу менен телефон чукулап бара жатканын көрүүгө болот.
“Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, айдоочуну аныктап, автоээнбаштык кылгандыгы үчүн Укук бузуулар тууралуу кодексинин 189-беренесинин негизинде тийиштүү протокол толтурулган”, — деп айтылат маалыматта.
Автоунаа убактылуу токтотуучу айып короосуна киргизилди.