ӨКМдин тик учагы Чаткалда кар алдында калган 6 жаранды табууга даяр, бирок аба ырайынан улам уча элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
«Абал жакшырса, тик учак дароо жөнөйт. Алгач аны менен эки жергиликтүү тургун барат, алар так жерди аныктагандан соң ӨКМдин 6 адамдан турган чалгындоо тобу 2-3 күн ичинде жетип, издөө иштерин баштайт. Бардык керектүү жабдуу бар, спутник аркылуу телефон менен үзгүлтүксүз мага маалымат берип турушат. Анын артынан эле экинчи куткаруучу отряд жөнөтүлөт. Экинчи топ 6 ат менен жабдылып, жабыркагандарды эвакуациялайт. Бул кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө. Кандай гана шарт болбосун, куткаруу операциясы үзгүлтүксүз улантылат», — деди министр.